МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№101 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Б. Тиленчиеваны каттоо жөнүндө

“Ар-Намыс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Талиева Камила Абдыразаковнанын ыйгарымдары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 25-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин
3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ   КЫЛАТ:

  • “Ар-Намыс” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси боюнча Тиленчиева Майрамкүл Бекчороевна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.
  • “Ар-Намыс” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган Тиленчиева Майрамкүл Бекчороевнага күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги берилсин.
  • Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
  • Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.
  •  

     ТӨРАГА                                                                              Т. АБДРАИМОВ

     

     

    Бишкек ш., 2012-жылдын 25-сентябры

    № 101

    Карап чыгуулар: (2426)