№102 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Аксай айыл өкмөтүнүн башчысы Бердиев А.А. Баткен райондук сотунун 2014-жылдын 26-июнундагы чыккан өкүмүнүн негизинде Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 14-июлундагы № 01-15/24 тескемеси менен ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде ээлеген кызматынан төмөнкүлөр бошотулган: Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 17-июлундагы № 163 тескемеси менен Дархан айыл өкмөтүнүн башчысы Усеналиев А.А.; Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 1-августундагы № 155-б. буйругу менен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Аманов М.К.; Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 4-августундагы № 334 буйругу менен Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри Жээналиев Б.С.; Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 4-августундагы № 340 буйругу менен Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри Арапбаев М.А. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөт башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2014-жылдын 25-августунда аяктайт. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49, 65-беренелерине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна, 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо тиркемеге ылайык 2014-жылдын 8-сентябрына саат 10-00 дайындалсын. 2. Баткен, Жети-Өгүз, Ноокат, Нарын шаардык, Жалал-Абад шаардык, Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун. 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ Г. ДЖУРАБАЕВА
Бишкек ш., 2014-жылдын 20-августу № 102
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-августундагы № 102 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоолорду өткөрүүнүн графиги
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Карап чыгуулар: (1995) |