МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№103 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын токтомдору менен айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Ал токтомдордун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын    6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарын шайланган депутат деп таануу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көрсөтүлгөн токтомдорунун бөлүктөрү бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарынын каттоосу бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарынын ырастамалары бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Аймактык шайлоо комиссияларынын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.

5. 2-тиркемеде аталган талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.

6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини берсин.

7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГАНЫН ЫЙГАРЫМ

УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ                                     Г. ДЖУРАБАЕВА

 

Бишкек ш., 2014-жылдын 20-августу

№103

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2014-жылдын 20-августундагы № 103 токтомунун 1-тиркемеси

 

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган

жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын  Ф.А.Ж.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Депутатты таануу жөнүндө БШКнын токтомунун         № жана датасы

Жалал-Абад облусу 

Сузак району 

 

Курманбек айылдык

Суюнбаев Бакытбек Сапарбаевич

Өз арызы

№152,

15.12.2012-ж.

Баткен облусу 

Кадамжай району 

 

Бирлик айылдык

Жороев Мансур Сагынович

Муниципалдык кызматка дайындалган

№151, 15.12.2012-ж.

 

“А.Масалиев” атындагы айылдык

Анапияев  Каныбек Турдалиевич

Өз арызы

Нарын облусу

Жумгал району

 

Таш-Дөбө айылдык

Салидинов Орозбек Батырбекович

Өз арызы

№154, 15.12.2012-ж.

Ош облусу 

Кара-Суу району 

 

Нариман айылдык

Кадиров Хатамжан

Каза болгондугуна байланыштуу

№155, 15.12.2012-ж.

Өзгөн району 

 

Жалпак-Таш айылдык

Мисиралиев Муратали Камытович 

Өз арызы

№155,

15.12.2012-ж.

 

Маматкеримов Гүлжигит Тажибаевич  

Өз арызы

 

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-августундагы № 103 токтомунун 2-тиркемеси

 

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлеринин тизмеси

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.

Ээлеген кызматы, кызмат орду

Бош калган мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Жалал-Абад облусу

Сузак району

 

Курманбек айылдык

Сарбаев Кадырали Оморкулович

Убактылуу иштебейт

№ 33, 06.08.2014-ж.

Баткен облусу 

Кадамжай району 

 

Бирлик айылдык

Тойчуев Нурбай

Пенсионер

№27, 06.08.2014-ж.

 

“А.Масалиев” атындагы айылдык

Масалиев Жыргалбек Абсатарович

Убактылуу иштебейт

№29, 11.08.2014-ж.

Нарын облусу

Жумгал району

 

Таш-Дөбө айылдык

Алапаева Бубуйра Тагаевна

Таш-Дөбө о.м., мугалим

№37, 7.08.2014-ж.

Ош облусу 

Кара-Суу району 

 

Нариман айылдык

Султанов Музаффар Якубжанович

Жеке ишкер

№43, 24.07.2014-ж.

Өзгөн району

 

Жалпак-Таш айылдык

Эргешов Таалайбек Туратович 

Жеке ишкер

№24,

1.08.2014-ж.

 

Арынов Сапарали    

Жеке ишкер

 

 

 

 

Карап чыгуулар: (1234)