![]() №113 Шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги тууралуу кабарлоо формасын бекитүү жөнүндө |
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2,3,4-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 15-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги тууралуу кабарлоо формасы бекитилсин (тиркелет). 2. Шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги тууралуу кабарлоо 2 600 000 даанадагы санда даярдалсын. 3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жееткчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 10-октябры, № 113 |
Карап чыгуулар: (1841) |