МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№117 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы №110 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы №110-токтому менен Чүй облусунун Жайыл районундагы Красный Восток айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укугунун мөөнөтү аяктай электе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнү жаңылыштык менен дайындалган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

                               ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы №110 токтому менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындаган тиркемесинен Чүй облусунун Жайыл районундагы Красный Восток айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо алынып салынсын.

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Б. Д. Максутбаевке жүктөлсүн.

 

           ТӨРАГА                                                                    Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2013-жылдын 4-июлу

№ 117

Карап чыгуулар: (1721)