![]() №120 Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу |
Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 29-июнундагы № 14 чечими менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу Ясыров Джумаза Лилизовичтин ордуна Арбуду Сульмане Сализович Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин № 1 шайлоо округу боюнча депутаты деп табылган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 1-бөлүгүнө, 52-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Арбуду Сульмане Сализович Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин № 1 шайлоо округу боюнча шайланган депутаты деп табуу жөнүндө Москва аймактык шайлоо комиссиясынын чечими бекитилсин. 2. Арбуду Сульмане Сализович Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин № 1 шайлоо округу боюнча шайланган депутаты деп табылсын. 3. Москва аймактык шайлоо комиссиясы Александровка айылдык кеңешинин шайланган депутаты Арбуду Сульмане Сализовичти каттасын жана ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини берсин. 4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 5. Бул токтомдун көчүрмөсү Москва аймактык шайлоо комиссиясына жана Александровка айылдык кеңешине жөнөтүлсүн. 6. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Б.Д. Максутбаевке жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 9-июлу № 120 |
Карап чыгуулар: (1674) |