![]() №122 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө | |||||||||||||||||||||||||||
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы № 116 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан, Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо талапкерлер зарыл болгон сандагы депутаттардын добуштарын албай калгандыктан, аталган айыл өкмөт башчылары шайланган эмес. Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б. Чойбеков, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысы К.С. Серенов каза болгондуктарына байланыштуу, Талас облусунун Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 24-октябрындагы № 274 буйругу, Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 31-октябрындагы № 93 тескемеси менен аталган айыл өкмөттөрүнүн башчысы кызмат ордулары бош калган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан, Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет айыл өкмөт башчыларын кайра шайлоо тиркемеге ылайык 2014-жылдын 20-ноябрына саат 10-00 дайындалсын. 2. Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөт башчыларын шайлоо тиркемеге ылайык 2014-жылдын 25-ноябрына саат 10-00 дайындалсын. 3. Жайыл, Өзгөн, Талас, Түп аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун. 4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 6-ноябры № 122
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 6-ноябрындагы № 122 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоолорду өткөрүүнүн графиги
| |||||||||||||||||||||||||||
Карап чыгуулар: (1875) |