МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№123 2013-жылдын 18-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Чаткал, Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары боюнча сунуштарына жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2-, 4-, 5-пункттарын, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылдын 18-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).

2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Б.Д. Максутбаевке жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ 

Бишкек ш., 2013-жылдын 9-июлу

№ 123

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын                   2013-жылдын 9-июлундагы № 123- токтомуна тиркеме

 

2013-жылдын 18-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чекаралары

 

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ

Тогуз Торо району

11 мандаттуу Тогуз-Торо айылдык кеңеши

№ 2089 Ленин шайлоо участкасы.

Шайлоочулардын саны – 1385.

Борбору: Иса атындагы орто мектебинин имараты.

Чек арасы: Ленин, Өрнөк айылдары жана анын аймагындагы Кара-Булак, Тулпар, Чолок-Там, Кормоцех, Чырпыкты бейит, Кара-Чий, Комплекс, АБЗ участкаларындагы жашоочулар кирет.

№ 2090  Дөдөмөл шайлоо участкасы.

Шайлоочулардын саны – 505.

Борбору: Калдыбай атындагы орто мектебинин имараты.

Чек арасы: Дөдөмөл айылы жана бул айылдардын аймагындагы Телемунара, Чийлүү-Коо, Сары-Булак, Кара-Коюн, Орто-Көлмө, Аяк-Көлмө участкаларында жашаган шайлоочулар кирет.

№ 2091  Кош-Булак шайлоо участкасы.

Шайлоочулардын саны – 234.

Борбору: Ыдырыс атындагы орто мектебинин имараты.

Чек арасы: Кош-Булак айылы жана анын аймагындагы Ийри-Суу, Кайыңды, Киндик, Көңдүк участкаларында жашаган шайлоочулар кирет.

 

Чаткал району

 

11 мандаттуу Терек-Сай айылдык кеңеши

№ 299 Терек-Сай шайлоо участкасы.

Шайлоочулардын саны – 785.

Борбору: Терек-Сай маданият үйү.

Чек арасы: С.Мырзалиев көчөсү, Б.Жаркуловдун № 35-үйүнөн Эшалы болуш көчөсү, Ы.Омурбековдун № 1-үйүнө чейин.

 

№403 Ак-Терек шайлоо участкасы.

Шайлоочулардын саны – 519.

Борбору: Терек-Сай орто мектеби.

Чек арасы: Горняк-2 көчөсү, К.Мусаевдин № 17-үйүнөн Ынтымак көчөсү,               И. Абдырахмановдун № 1-үйүнө чейин.

 

№300 Кызыл-Токой шайлоо участкасы.

Шайлоочулардын саны – 513.

Борбору: Кызыл-Токой  маданият үйү.

Чек арасы: Кызыл-Токой айылынын Н.Токтобаевдин үйүнөн Кызыл-Токой айылы С.Эшенкуловдун үйүнө чейин.

 

 

ОШ ОБЛУСУ


Кара-Суу шаардык кеңеши

№5265-Нурахунов шайлоо участкасы         .

Шайлоочулардын саны – 1387.

Борбору: Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө жайгашкан “Авторемзавод” АКнун имараты.

Чек арасы: Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсү (мурдагы Рабоче-Дехканская) №110-үйгө чейин, Крылов, Осмонов, Пионерская, 60 Лет Киргизии, Дружба, Космодемьянская, Тулебердиев көчөлөрүнүн аймактары толугу менен кирет.

 

№5266-Линейный шайлоо участкасы.        

Шайлоочулардын саны – 1882.

Борбору: Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө жайгашкан №134 башталгыч мектебинин имараты (эски №1-балдар бакчасынын имараты).

Чек арасы: Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсү №1үйдөн баштап №111 үйгө чейинки аймактар, Калинин, Энгельс, Якубов (мурдагы Горький), Октябрьская, Шопоков, Бейшеналиева, Боконбаев, Баетов, К. Маркс, Западная. К.Цеткин, Алай, Комсомольская, Крупская, Фрунзе көчөлөрүнүн аймактары толугу менен кирет.

 

№5267-Токтогул шайлоо участкасы.

Шайлоочулардын саны – 2198.

Борбору: Кара-Суу шаарындагы К. Рахимов атындагы орто мектебинин имараты.

Чек арасы: Кара-Суу шаарынын Арашан микрорайонунун аймагындагы №1-, №2-үйлөр, Токтогул, Культурная, Навои, РТС, Киргизская, Центральная, Демократическая, П. Лумумбы, Нариман, Тельман, Савай, Семенная көчөлөрүнүн аймактары кирет.

 

№5268-Юбилейный шайлоо участкасы.

Шайлоочулардын саны – 799.

Борбору: Кара-Суу шаарындагы райондук маданият үйүнүн имараты.

Чекарасы: Кара-Суу шаарынын Панфилов, Гагарин, Терешкова, Киров, Карасуйская, Кенешская, Умаров мурдагы (Больничная) көчөлөрү, Ленин көчөсүнүн – 2-, 2а, 2б, 4-, 5-, 6-, 8-, 10-, 12-, 14-, 16-, 18-, 22-, 24- үйлөрүнүн аймактары толугу менен кирет.

 

№5269-Мектеп шайлоо участкасы.

Шайлоочулардын саны – 1561.

Борбору: Кара-Суу шаарындагы В.И. Ленин атындагы орто мектебиинин имараты.

Чекарасы: Кара-Суу шаарынын Ош, Жалалабад, Совет, Өзгөн, Раджапов мурдагы (Спортивная), Кушбаков ( мурдагы Пушкин) 24а, 24б, 10-, 12-, 5-,      7-, 9-,19-, Пахта завод көчөсүнүн 1-20-корпустары, Ленин көчөсүндө жайгашкан борбордук “Авицена” аптекасынан Г.Айтиев көчөсүнүн кесилишине чейин, Школьная, Рабочая, Завод көчөлөрү, Завод көчөсүнүн 2-, 4-, 6-, 8а, 8б көп кабаттуу үйлөрүнүн аймактары толугу менен кирет.

 

№5270-МЭЗ шайлоо участкасы.

Шайлоочулардын саны – 1051.

Борбору: Кара-Суу шаарындагы Бабур атындагы орто мектебинин имараты.  

Чек арасы: Кара-Суу шаарынын МЭЗ, Г.Айтиев, Бакиев (мурдагы Памир) көчөлөрү толугу менен, Ленин көчөсүнүн №171-185-үйлөрү, Салиева, Азимов, Х.Турсунов (мурдагы Коммунистическая), Улуков, Саттаров (мурдагы Новостроящаяся), Юлдашев (мурдагы Пролетарская), 1-Мая, Толстой, Темир-Жол, Долон-Чек (мурдагы Западная) көчөлөрүнүн аймактары толугу менен кирет.

 

Карап чыгуулар: (1279)