МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№125 Талас облусунун Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 7-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, З.С.Коконалиевдин, Ж.С.Мамадалиевдин, Д.Ж. Шаршееванын, С.Мырзаевдин арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  • Талас облусунун Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен төмөнкүлөр чыгарылсын: Сапаралиев Абдумуталиф Мырзаканович – «Ак Шам» Жаратман мекенчилер саясий партиясынан; Ачеков Ислан Аманович – «Замандаш-Современник» саясий партиясынан; Чотонова Санабубу Кудукеевна, Коконалиев Замир Сатыбекович, Мамадалиев Жанадил Сагынбекович; Жузумамбет уулу Нурбек, Боркеев Бекмурза Торсоевич, Сулайманова Азимкан Эсенбековна, Баялышов Эдилбек – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
  • Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Шаршеева Динара Жумадыловна чыгарылсын – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
  • Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Мырзаев Сыргагул чыгарылсын – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
  •         4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү                 боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

             5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү          боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Б.Д.Максутбаевге жүктөлсүн.

     

    Төраганын орун басары                                                              Г.Джурабаева

     

    Бишкек ш., 2013-жылдын 24-июлу

    № 125

    Карап чыгуулар: (1141)