![]() №126 2013-жылдын 17-, 18-июлунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
2013-жылдын 17-, 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы № 110 токтому менен дайындалган, Ош облусунунун Ноокат районуна караштуу Ноокат шаарынын мэрин; Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок, Жайыл районунун Полтавка, Кемин районунун Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка, Сокулук районунун Орок; Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя; Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа; Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой, Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу; Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө, Кара-Буура районунун Бейшеке; Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү. Аталган аймактык шайлоо комисияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – Ноокат шаарынын мэрин, айыл өкмөт башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-, 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 17-июлундагы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 2. Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 3. Ракишев Мирлан Кубанычбекович Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын. 4. 2013-жылдын 18-июлундагы Чүй облусунун Жайыл районунун Полтавка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 5. Полтавка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 6. Керимов Висид Кенешевич Чүй облусунун Жайыл районунун Полтавка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын. 7. 2013-жылдын 17-июлундагы Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 8. Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 9. Абласов Бактыбек Джолдошбаевич Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын. 10. 2013-жылдын 17-июлундагы Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 11. Александровка айыл өкмөтунун башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 12. Сушанло Шамиль Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын. 13. 2013-жылдын 17-июлундагы Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 14. Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 15. Бейшенова Аида Кошоевна Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын. 16. 2013-жылдын 17-июлундагы Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 17. Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 18. Сыдыканов Азизбек Сопубекович Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын. 19. 2013-жылдын 17-июлундагы Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын. 20. Ноокат шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 21. Тургунбаев Өмүрбек Жоробаевич Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын шайланган мэри деп табылсын. 22. 2013-жылдын 17-июлундагы Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 23. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 24. Мамасадыков Алтынбек Усенович Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын. 25. 2013-жылдын 17-июлундагы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 26. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 27. Пазылов Абдыраман Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
28. 2013-жылдын 18-июлундагы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 29. Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 30. Иманалиев Данир Белекович Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын. 31. 2013-жылдын 17-июлундагы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 32. Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 33. Өмүрбеков Марат Рыскулович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын. 34. 2013-жылдын 17-июлундагы Ысык-Күл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 35. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 36. Бектурганов Талант Кадырбекович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын. 37. 2013-жылдын 17-июлундагы Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 38. Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 39. Джанчыкулов Кадыр Анарбекович Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын. 40. 2013-жылдын 17-июлундагы Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 41. Бейшеке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 42. Муртабеков Абаскан Жамалбекович Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын. 43. 2013-жылдын 17-июлундагы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 44. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 45. Шабданов Батыркул Маданович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын. 46. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайланган айыл өкмөт башчыларына жана Ноокат шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин. 47. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 48. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Б. Д. Максутбаевке жуктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ Г.К. ДЖУРАБАЕВА
Бишкек ш., 2013-жылдын 24-июлу № 126
|
Карап чыгуулар: (1259) |