МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№128 Чүй облусунун Панфилов, Сокулук, Токмок; Талас облусунун Манас, Талас; Ош облусунун Өзгөн; Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервинен жана курамынан чыгаруу жөнүндө А.Б. Бактыбековдун, Д.М. Токтобаеванын, С.М. Насарбекованын, Г.З. Орозбекованын, М.А. Мырзаматованын, Т. Сарманованын, Н.Т. Юсуповдун, А.К. Азырболовдун, С.Ш. Токтогазиевдин, Нуркалык кызы Жумагүлдүн, Г.М. Суйуналиеванын, З.А. Жумабаеванын арыздарынын жана З.К. Ибраимовду, У.А. Бейшебаевди, Г.К. Курбанбаеваны Сокулук, Токмок, Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын резервдеринен жана курамдарынан чыгаруу жөнүндө сунуштарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” жана  2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы        

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Чүй облусунун Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Демократическая партия  «Туран» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бактыбеков Айбек Бактыбекович; «7-апрель Жаштар кыймылы» Саясий партиясынан көрсөтүлгөн Токтобаева Дария Мадыловна; «Кыргызстан үй куруучулардын партиясы» Республикалык коомдук-саясий партиясынан көрсөтүлгөн Насарбекова Саламат Мирадиловна чыгарылсын;

- резервдин курамынан «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Орозбекова Галина Зарылыковна; «Эгемен Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Мырзаматова Махабат Асанбековна чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден «Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Джунушалиева Махабат Калдыбековна; «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ибраимова Меримкуль Рыспековна;  «ЭлАман» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Мамышева Раушан Талантбековна киргизилсин.

2.  Чүй облусунун Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Ата-Журт» Мекенчил партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ибраимов Зайдин Кокончалович; «Эгемен Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сарманов Толон чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден «Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Назарова Суюмкан Назаровна; «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Маматкожоева Гульнара Джарпановна  киргизилсин.

3. Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Ак-Шам» Жаратман мекенчилер саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бейшебаев Улан Аруунович чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сыдыкова Элиза Абаевна киргизилсин.

4. Талас облусунун Манас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Эгемен Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Юсупов Нургазы Токтосунович чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шерамдин уулу Ислам киргизилсин.

5. Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Азырболов Аманбек Кадырканович; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Токтогазиев Сагынбек Шукурбекович, Нуркалык кызы Жумагүл чыгарылсын;

- резервдин курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Суйуналиева Гулжакан Мусуралиевна чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Раимканов Бактияр Иманбекович;  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бейшенбаев Каныбек Камчыбекович, Койчукеева Элиза Молдокановна киргизилсин.

6.  Ош облусунун Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жумабаева Зейнеп Абдиевна чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Оморов Омурбек Аманбаевич киргизилсин.

7. Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынан көрсөтүлгөн Курбанбаева Гульсара Курбанбаевна чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Тагаева Айнура Иманалиевна киргизилсин.

8. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ 

  

Бишкек ш., 2014-жылдын 20-ноябры

№ 128

Карап чыгуулар: (1010)