![]() №128 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын таануу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча токтомдорунун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун алган, шайланган депутаттардан кийин турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана пропорциялуу система боюнча саясий партиялардын тизмелериндеги депутат болуп шайлангандардан кийин катталган талапкерлерди депутат деп таануу жөнүндө чечим кабыл алышкан. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 16-мартындагы №48-, 15-декабрындагы №152-, №155-, №157-, 2013-жылдын 4-июнундагы №99-токтомдорунун жергиликтүү кеңештердин төмөнкү депутаттары боюнча шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү жокко чыгарылсын: - Нарын обулусунун Жумгал районундагы Куйручук айылдык кеңеши боюнча Муктаров Нурбек Асанбекович; - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Курманбек айылдык кеңеши боюнча Ормонов Бакыт Абдыманапович; Кызыл-Туу айылдык кеңеши боюнча Мусанов Тынчыбек Тагаевич; Таш-Көмүр шаардык Кеңеши боюнча Мырзакматов Нургазы Орозбаевич;- Чүй облусунун Чүй районундагы Кегети айылдык кеңеши боюнча Шаршеев Анарбек Джумабекович; - Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылдык кеңеши боюнча Таиров Болотбек Эркебаевич (№1 тиркеме). 2. Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп табуу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери бекитилсин: - Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 18-июлундагы №13; - Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 22-февралындагы №2, 4-июнундагы №4; - Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 18-июлундагы № 6; - Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 29-майындагы №10; - Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 23-майындагы №36; 3. Жергиликтүү кеңештердин кийинки шайланган депутаттары таанылсын (№2 тиркеме). 4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини берсин. 5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн. 7. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Б. Д. Максутбаевке жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ Г.ДЖУРАБАЕВА Бишкек ш., 2013-жылдын 24-июлундагы № 128
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 24-июлундагы № 128- токтомунун № 1 тиркемеси Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон жергиликтүү кеңештердин депутаттары
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 24-июлундагы № 128-токтомунун №2 тиркемеси Жергиликтүү кеңештердин кийинки шайланган депутаттары
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Карап чыгуулар: (1319) |