МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№129 Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону өткөн жок деп табуу жөнүндө

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо учурунда Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясы укук бузууларга жол берген, бети ачылган укук бузууларга байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, 2-бөлүктүн 5-пунктуна, 18-беренесине, 24-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1-пунктуна, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтом менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө» жобонун 25-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жол берилген укук бузуулардан улам Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын жана шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2013-жылдын 17-июлундагы протокол жокко чыгарылсын.

2.Шайлоо мыйзамдарын бир нече жолу бузгандыгы үчүн Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамы таркатылсын.

3.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамын түзүү боюнча чараларды көрсүн.

4.Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысына – акимине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоонун натыйжаларын аныктаганга чейин Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттерин убактылуу аткаруучуну дайындоо сунуш кылынсын.

5.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

6.Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Б.Д.Максутбаевге жүктөлсүн.

 

 Төраганын орун басары                                                              Г.Джурабаева

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 24-июлу

№ 129

 

Карап чыгуулар: (2238)