МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№130 Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаны-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы № 110 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаны-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын 2013-жылдын 18-июлуна дайындалган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын» 49-беренесинин 3-пунктунун 3-пунктчасында белгиленген эрежеси туура сакталбагандыгына байланыштуу шайлоо процесси мыйзамсыз өткөрүлгөн. 1-турда талапкер Асанов О.Т. «0» добуш алган, талапкер Жоробеков С.А. «10» добуш алган, талапкер Нуридинов М.С. «4» добуш алган, талапкер Хамидов А.Т. «0» добуш алган, баарына каршы «4» добуш берген. Талапкер Нуридинов М.С. менен «баарына каршы» бирдей төрттөн добуш алгандыктан, 2-турга жалгыз эң коп добуш алган Жоробеков С.А. боюнча шайлоонун 2-туру өткөрүлмөк. Натыйжада шайлоо процедурасы бузулган.

 «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаны-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы жана натыйжасы жараксыз деп табылсын.

2.2013-жылдын 18–июлундагы Жаны-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун 2-турун белгиленген тартипте өткөрүү 2013-жылдын 1-августуна жылдырылсын.

3. Токтомдун көчүрмөсү Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына жана Жаны-Пахта айылдык кенешине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Б. Д. Максутбаевке жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН  

ОРУН БАСАРЫ                                                                   Г.К. ДЖУРАБАЕВА

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 24-июлу

№ 130

 

Карап чыгуулар: (1962)