МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№132 2013-жылдын 26-июлунда, 1-августунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2013-жылдын 26-июлунда, 1-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июлундагы № 115 токтому менен Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айыл өкмөтүнө, 2013-жылдын 24-июлундагы № 130 токтому менен Чуй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө дайындалган, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү.

Аталган аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөт башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2013-жылдын 26-июлундагы Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1 Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2 Бердигулов Уланбек Турдубекович Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.

2. 2013-жылдын 1-августундагы Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2.1 Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.2 Жоробеков Сулайман Алибекович Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

              ТӨРАГА                                                                               Т. АБДРАИМОВ                                                    

            Бишкек ш., 2013-жылдын 6-августу 

             № 132

 

 

 

 

 

Карап чыгуулар: (1408)