МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№133 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Чуй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчыcы Рахимов П.А. өзүнүн берген арызынын негизинде, Чуй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин                  1-август 2013-жылдагы №124-р буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган.

Чуй облусунун Панфилов районунун Орто айыл өкмөтүнүн башчыcы Молдокулов Т.К. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин                 2013-жылдын 24-июлундагы № 358 буйругу менен Чуй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болуп дайындалдыгына байланыштуу, айыл өкмөт башчысынын бош кызмат орду пайда болгон.

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Кулатов айыл өкмөт башчысы Эргешов А. өзүнүн берген арызынын негизинде, Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин                19-июль 2013-жылдагы №171-б буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын          6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын            49-беренесиндеги 2-, 5-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

                                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын – төмөнкү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2013-жылдын 23-августуна дайындалсын:
  • -           Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;

    -            Панфилов районунун Орто айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо;

    -            Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл өкмөт башчысын шайлоо.

    2.      Сокулук, Панфилов, жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

    3.      Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

    4.      Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

     

                          ТӨРАГА                                                                                          Т. АБДРАИМОВ


    Бишкек ш., 2013-жылдын 6-августу

    №133

    Карап чыгуулар: (1520)