![]() №133 2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Аксы, Сузак жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитүү жөнүндө |
2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-мартындагы № 59 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңештеринин депутаттарын кезектеги шайлоо жана 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен дайындалган Аксы районунун Жерге-Тал, Кара-Суу, Токтогул районунун А.Суеркулов атындагы айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү. Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Кара-Жыгач айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 2 шайлоо округ жана 2 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 3553тү түзүп, анын ичинен 1521 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 42,8 % түзөт. Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинде мандаттардын саны 31ди түзөт. Кызыл-Туу айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 6 шайлоо округ жана 14 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 11871ди түзүп, анын ичинен 5652 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 47,6 % түзөт. Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Жерге-Тал айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 3 шайлоо округ жана 3 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 3422ни түзүп, анын ичинен 1823 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 53,3 % түзөт. Аксы районунун Кара-Суу айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Кара-Суу айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 4 шайлоо округ жана 4 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 3993тү түзүп, анын ичинен 1998 шайлоочулар добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 50 % түзөт. Токтогул районунун А.Суеркулов атындагы айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. А.Суеркулов атындагы айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 4 шайлоо округ жана 4 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 5090ду түзүп, анын ичинен 2511 шайлоочулар добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 49,3 % түзөт. Аксы районунун Кара-Жыгач, Жерге-Тал, Кара-Суу, Сузак районунун Кызыл-Туу, Токтогул районунун А.Суеркулов атындагы айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Аксы, Сузак, Токтогул аймактык шайлоо комиссиялары берген протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 30-майындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме). 2. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 30-майындагы протоколу бекитилсин (2-тиркеме). 3. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 30-майындагы протоколу бекитилсин (3-тиркеме). 4. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (4-тиркеме). 5. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун А.Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (5-тиркеме). 6. Бул токтомдун көчүрмөсү Аксы, Сузак жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин. 7. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 8.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2017-жылдын 5-июну, № 133 |
Карап чыгуулар: (853) |