МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№135 Талас облусунун Кара-Буура, Манас аймактык шайлоо комиссиясынын, Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын, Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,6,7-пункттарына, 19-беренесинин 2,4,6-бөлүктөрүнө, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары-БШК) 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таратуунун тартиби жөнүндө” Жобого, БШКнын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссиялардын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого, Г.А. Байсейитованын, Мырзабалы уулу И., Рапиль уулу Б., Р.А. Дуйшенбиеванын, К.С. Отошевдин, К.К. Иманкуловдун, Б.К. Маркейсованын, Н.М. Ажимаматованын, К. Эргешовдун, Ж.Т. Жээнбаеванын, Т.З. Джавбураевдун арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнекүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан төмөнкү мүчөлөр чыгарылсын: “Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы» саясий партиясынан - Байсейитова Гульсаада Абдиевна, «Улуу Биримдик» Улуттук-демократиялык партиясы” саясий партиясынан - Мызабалы уулу Ильгиз;

- комиссиянын курамына резервден төмөнкүлөр киргизилсин: “Эл үчүн” саясий партиясынан - Таштанбеков Рысбек Макулбекович, “Туран” Демократиялык партиясы” саясий партиясынан - Орозбаева Гульджамал Сатарбековна.

2. Талас облусунун Манас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнекүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамынан комиссиянын мүчөсү «Ата-Мекен» саясий Социалисттик партиясынан Рапиль уулу Бактыбек чыгарылсын;

- резервден төмөнкүлөр чыгарылсын: «Улуу Биримдик» Улуттук-демократиялык партиясы” саясий партиясынан - Дуйшенбиева Райкан Акенкараевна, «Замандаш-Современник» саясий партиясынан - Отошев Кинчилик Сейтбекович;

- комиссиянын курамына резервден “Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы» саясий партиясынан - Абдыраимова Замийра Джамалбековна.

3. Талас облусунун Талас шаардык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнекүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамынан «Ак-Шам» Жаратман мекенчилер саясий партиясынан комиссиянын мүчөсү Иманкулов Козубек Кошубакович чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден «Ата-Мекен» саясий Социалисттик партиясынан Бейшекеев Жаркынбек киргизилсин.

4. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамынан комиссиянын мүчөсү «Замандаш-Современник» саясий партиясынан  Маркейсова Бермет Курманбековна чыгарылсын;

- комиссиянын резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан-Жээнбаева Жыпаркул Токтоназаровна чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан- Токтогонова Дамира Жолоевна киргизилсин.

5. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамынан комиссиянын мүчөсү «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан - Ажимаматова Наргиза Мырзакабуловна чыгарылсын;

- резервден “Кыргызстан социалисттик-демократиялык партиясы” саясий партиясынан - Эргешов Кадырбек чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден “Эл үчүн” саясий партиясынан - Жумабаева Гульнара Ысаковна киргизилсин.

6. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамынан комиссиянын мүчөсү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Джавбураев Тимур Зуфарович чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Корженевская Татьяна Алексеевна киргизилсин.

7. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана БШК расмий сайтына жайгаштырылсын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 

            ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ

 

                    Бишкек ш., 2012-жылдын 3-ноябры

                    № 135

Карап чыгуулар: (1125)