МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№136 2013-жылдын 12-августунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2013-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 24-июлундагы № 127 токтому менен Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлдү.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

                                       ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2013-жылдын 12-августундагы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Юсупов Джалалидин Абдукалыкович Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэри деп табылсын.

2. Көк-Жаңгак шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги    М. И. Аргымбаевге жүктөлсүн.

 

 

         ТӨРАГА                                                             Т. Д. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 20-августу

№ 136 

Карап чыгуулар: (2259)