МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№136 “Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ишинин тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу эл аралык (чет элдик) байкоочулардын статусу жана ыйгарым укуктары, ишинин тартиби жөнүндө” Жобо (тиркеме) бекитилсин.

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.

 

  Төрага                                                                         Т. Абдраимов

 

             Бишкек ш, 2012-жылдын 3-ноябры

             № 136

 

Тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык (чет өлкөлүк)  байкоочулардын иш-аракеттеринин,  статусунун жана ыйгарым укуктарынын тартиби жөнүндө 

ЖОБО

 

  • Жалпы жоболор
  • Эл аралык байкоочуларды чакыруунун тартиби
  • Аккредиттөөнүн тартиби
  • Эл аралык байкоочулардын ыйгарым укуктары жана иш аракеттеринин тартиби
  • Чет элдик журналисттер
  •  

    Ушул жобо “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын,  шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү, эл аралык шайлоо стандарттары жаатында эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин  негизинде даярдалды.

    Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө  байкоочулар тобу, ошондой эле байкоочулар боюнча эл аралык миссиянын курамында болгон өз алдынча байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырган эл аралык байкоочулардын статусунун жана ыйгарым укуктарынын тартибин аныктайт.

     

     1.    Жалпы жоболор

     

    1.1. Кыргыз Республикасындагы шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүү укугуна ээ болгон адам, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун өкүлү мыйзамда белгиленген тартипке ылайык эл аралык байкоочу болуп саналат.

    1.2. Кыргыз Республикасында шайлоолорду даярдоо жана өткөрүүгө көзөмөл жүргүзүүгө ушул мыйзам менен билгеленген тартипте укугу бар чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун өкүлү эл аралык байкоочу боло алат.

     

    2. Эл аралык байкоочуларды чакыруу тартиби

     

    2.1. Эл аралык байкоочулар Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө мыйзамда белгиленген тартипте уруксат алышат жана тийиштүү чакыруусу жана ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн документтер болсо, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары Борбордук шайлоо комиссиясы)  тарабынан аккредиттештирилет.

    2.2. Чакыруу шайлоо өткөрүү жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жөнөтүлүшү мүмкүн.

    2.3. Чакырууларды жөнөтүү жөнүндө сунуштарды шайлоо мыйзамдары жана шайлоолор боюнча адистешкен, адам укуктарын коргоо жагынан таанылган кадыр-баркы бар эл аралык жана улуттук, коммерциялык эмес уюмдар бере алат.

    2.4. Борбордук шайлоо комиссиясы чакырууларды чет өлкөлөрдүн борбордук шайлоо органдарына, ошондой эле шайлоо мыйзамдары жана шайлоо маселелери боюнча адистешкен эл аралык уюмдарга жөнөтөт.

     

    3.    Аккредиттөөнүн тартиби

     

    3.1. Кыргыз Республикасынын Президентинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен чакыруу алган эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар аккредиттелиш үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине эл аралык байкоочу катары аккредитөөгө арызын, өз өкүлдөрүнүн тизмелерин жана инсандыгын ырастаган документтеринин көчүрмөлөрүн тапшырышат.

    3.2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги акктердиттөө үчүн келип түшкөн документтерди текшерүүдөн кийин, аларды Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.

    3.3. Борбордук шайлоо комиссиясынан чакыруу алган эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар  аккредиттелиш үчүн эл аралык байкоочу катары аккредиттөөгө арызын, өз өкүлдөрүнүн тизмелерин жана инсандыгын ырастаган документтеринин көчүрмөлөрүн түз эле Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышат.

    3.4. Чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен аккредиттелишет.

    3.5. Борбордук шайлоо комиссиясы аккредиттелген адамга эл аралык байкоочунун белгиленген үлгүдөгү күбөлүгүн берет же жүйөлөп аккредиттештирүүдөн баш тартат.

    3.6. Күбөлүк эл аралык байкоочуга ушул пунктун 3.7-пунктчасында көрсөтүлгөн мезгилдеги өз иш аракетин жүзөгө ашырууга укук берет.

    3.7. Эл аралык байкоочуларды аккредиттештирүү добуш берүү күнүнө 30 күн калганда башталат жана шайлоо күнүнө 3 күн калганда бүтөт.

    3.8. Эл аралык байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Борбордук шайлоо комиссиясында аккредиттештирилген күндөн тартып башталат жана шайлоонун жалпы натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт.

    3.9. Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын күбөлүгүнүн жана арызынын үлгүсүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы бекитет.

     

    4.      Эл аралык байкоочулардын ыйгарым укуктары жана иш-аракеттеринин тартиби

     

    4.1. Эл аралык байкоочулардын иш-аракеттери шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.

    4.2. Эл аралык байкоочунун иш-аракетин материалдык-финансылык жактан камсыз кылуу байкоочуну жөнөткөн тараптын каражатынын эсебинен же анын өзүнүн каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.

    4.3. Эл аралык байкоочу Кыргыз Республикасынын бардык деңгээлдеги шайлоо  комиссияларында жана мамлекеттик бийлик органдарында, ошондой эле башка мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында болгондо, эл аралык байкоочу катары анын ким экендигин тастыктаган ага берилген күбөлүктү алып жүрүүгө жана аны шайлоону уюштуруучулардын талабы боюнча көрсөтүүгө тийиш.

    4.4. Эл аралык байкоочулар төмөндөгүлөргө милдеттүү:

    - Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын;  «Көзкаранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердеги демократиялык шайлоо, шайлоо укуктары менен эркиндиктеринин стандарттары жөнүндө конвенциянын» жоболорун, башка эл аралык документтерди сактоого;

    - өз милдеттерин саясий бейтараптык, калыстык, шайлоо органдарына, мамлекеттик жана башка органдарга, кызмат адамдарына, шайлоо процессинин катышуучуларына карата кандайдыр бир артыкчылык көрсөтүүдөн же баа берүүдөн баш тартуу принциптерин жетекчиликке алуу менен аткарууга;

    - шайлоо процессине кийлигишпөөгө;

    - өзүнүн бардык корутундуларын байкоо жүргүзүүсүнө жана фактылай материалдарга негиздөөгө тийиш.

    4.5. Эл аралык байкоочулар төмөндөгүлөргө укуктуу:

    1) шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин жалпыга билдирүүгө;

    2) басма сөз-конференцияларын уюштурууга жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылууга;

    3) шайлоочулардын добуш берүүсүнүн купуялыгын бузбастан фото-, видеого тартууну, аудио жазып алууну ишке ашырууга;

    4) шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган өзүнүн статусун, фамилиясын, аты-жөнүн, атынан келген уюмдун аталышын көрсөткөн төш белгилерди тагынып жүрүүгө;

    5) бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялардын курамдарынын түзүлүүсүнө байкоо жүргүзүүгө;

    6) шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө;

    7) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө;

    8) шайлоону маалыматтык камсыз кылууга байкоо жүргүзүүгө.   

    4.6. Ушул Жобого ылайык эл аралык байкоочулар өз статусун шайлоону даярдоо жана өткөрүү жүрүшүнө байкоо жүргүзүү менен байланышпаган ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга укуксуз.

    4.7. Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык байкоочу жалпыга таандык принциптерди жана эл аралык укуктун ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда, ошондой эле эл аралык байкоочунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эл аралык байкоочунун аккредиттештирүүсүн кайра алып коюуга акылуу.

    4.8. Эл аралык байкоочу Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын колдоого алуусунда болот. Шайлоо комиссиялары, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ага өздөрүнүн копетенцияларынын чегинде көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

    4.9. Эл аралык байкоочулардын укуктарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп тартат.

     

    5. Чет өлкөлүк журналисттер

     

    5.1. Чет өлкөлүк журналисттер шайлоону чагылдыруу  үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аккредиттештирилет.

    5.2. Чет өлкөлүк журналисттерди аккредиттештирүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-апрелиндеги № 215 токтому менен бекитилген ”Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттештирүү жөнүндө Жобо” менен жөнгө салынат.

    5.3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына аккредиттештирилген чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн тизмесин берет.

    Карап чыгуулар: (1922)