МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№137 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 24-июлундагы             № 127 токтому менен 2013-жылдын 12-августуна дайындалып, айылдык кеңештин 21 депутатынан 12 депутат катышып, 9 депутат белгисиз себептер менен катышкан эмес. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 3-бөлүгүнүн талабы аткарылбагандыктан шайлоо өткөн эмес.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн башчыcы Козубеков Ж.Ш. өзүнүн берген арызынын негизинде, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин                6-август 2013-жылдагы №29/VI буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган.

Чуй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбаков Э.К. өзүнүн берген арызынын негизинде, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин 12-август             2013-жылдагы №176-р буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган.

Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы Исмаилова Карачач Жумаевнага Ильич айылдык кеңешинин 2013-жылдын  1-августундагы № 22-9-26 токтому менен айылдык кеңештин депутаттары тарабынан бир добуштан ишенбестик билдирилген. Анын негизинде Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин                13-август 2013-жылдагы №190-р буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган.

Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы Ибраимова Т.С. өзүнүн берген арызынын негизинде, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин                14-август 2013-жылдагы №192-р буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын          6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын            49-беренесиндеги 2-, 5-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

                                                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын – төмөнкү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо

    2013-жылдын 4-сентябрына дайындалсын:

-  Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcын кайра шайлоо;

-  Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;

-  Чуй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;

-  Чуй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;

-  Чуй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо

2. Кочкор, Бакай-Ата, Жайыл, Кемин аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4.  Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги М. Аргымбаевке жүктөлсүн.

 

              ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 20-августу

№ 137

 

 

 

Карап чыгуулар: (2931)