МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№138 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын таануу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча токтомдорунун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун алган, шайланган депутаттардан кийин турган талапкерлерди жергиликтүү кеңештердин депутаттары деп таануу жөнүндө чечим кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын           6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

                                                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 152-,                  157-токтомдорунун жергиликтүү кеңештердин төмөнкү депутаттары боюнча шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту деп эсептелсин:  

 - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району боюнча:   

- Айтакалов Дүйшөнбек Көккөзович – 1-Май айылдык кеңеши;  

- Оролов Болотбек Жолдошбаевич – 1-Май айылдык кеңеши;

- Чүй облусунун Чүй району боюнча:  

- Чакеев Нурмат Карабекович – Чүй айылдык кеңеши (№1 тиркеме).

2. Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп табуу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери бекитилсин:

- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын  5-августундагы № 4;                                                                                                    

- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын  21-июлундагы №11.

3. Жергиликтүү кеңештердин кийинки шайланган депутаттары таанылсын (№2 тиркеме).

4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини берсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги М. Аргымбаевке жүктөлсүн

 

                      ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ


Бишкек ш., 2013-жылдын 20-августу

№ 138

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын  20-августундагы №138-токтомунун                       № 1 тиркемеси

Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон жергиликтүү кеңештердин депутаттары

Жергиликтүү  кеңештердин аталыштары 

Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж.  

Депутатты таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы

Жалал-Абад облусу

Ала-Бука району

 

1-Май

Айтакалов Дүйшөнбек Көккөзович

№ 152, 15.12.2012

 

 Оролов Болотбек Жолдошбаевич

Чүй облусу

Чүй району

 

Чүй

Чакеев Нурмат Карабекович

№ 157, 15.12.2012

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 20-августундагы №138-токтомунун

№2 тиркемеси

 

Жергиликтүү кеңештердин кийинки шайланган депутаттары  

Жергиликтүү  кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.

Жалал-Абад облусу

Ала-Бука району 

 

1-Май

Мамажанов Үсөн

 

Кутманов Абасбек Сапаралиевич

Чүй облусу

Чүй району

 

Чүй

Матаев Алмаз Солтобекович

Карап чыгуулар: (2172)