МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№139 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.Н.Жапаровдун, К.К.Ташиевдин, Т.Т.Мамытовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

2013-жылдын 6-августунда «Ата-Журт» фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.Н.Жапаров, К.К.Ташиев, Т.Т.Мамытов жагынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2013-жылдын 29-мартындагы айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесиндеги 1-бөлүктүн 9-пунктун, 2-бөлүктү, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2-пункттарын, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жапаров Садыр Нургожоевичтин, Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин, Мамытов Талант Турдумаматовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жапаров Садыр Нургожоевичтин, Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин, Мамытов Талант Турдумаматовичтин күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана С.Н.Жапаровдун, К.К.Ташиевдин, Т.Т.Мамытовдун өкүлдөрүнө берилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П.Баженовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 20 -августу

№ 139

Карап чыгуулар: (2048)