МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№140 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт» Мекенчил партиясы» саясий партиясынын депутаттары Жапаров Садыр Нургожоевичтин, Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин, Мамытов Талант Турдумаматовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,25-пункттарын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына «Ата-Журт» Мекенчил партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлер Кадырбекова Майрамкан Мамытовна, Мурзабеков Кантемир Зулумович, Шаршеев Бакыт Октябрович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары деп табылсын.

2. Кадырбекова Майрамкан Мамытовна, Мурзабеков Кантемир Зулумович, Шаршеев Бакыт Октябрович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары болуп катталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П.Баженовго жүктөлсүн.

 ТӨРАГА                                                           Т.Д. АБДРАИМОВ

 

 

 Бишкек ш., 2013-жылдын 5-сентябры

 № 140

Карап чыгуулар: (1935)