МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№141 Ош аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Сузак, Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын, Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын, Баткен облусунун Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын, Нарын облусунун Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ормонова Авазкан Чынбердиевна Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айылдык кеңешинин депутаты, Калимбетов Женишбек Туратбекович Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаты, Нуркамилова Айгуль Апсаматовна Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты, Сарымсаков Нурлан Торобекович Ноокен районундагы Шайдан айылдык кеңешинин депутаты, Акматов Мурзабек Жорошевич Арал айылдык кеңешинин депутаты, Саиткулов Саидумар Сайдилажанович Масы айылдык кеңешинин депутаты, Мамбетов Толобек Айтбекович Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланганына; Каюмов Эргешбай Шарабидинович Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалганына байланыштуу; аймактык шайлоо комиссияларынын резервинен чыгаруу жөнүндө Акматов Мурзабек Жорошевичтин, Абдыкадыров Асылбек Ашимбековичтин, Мамазунуев Калил Абсаматович, Мамасадыков Тологон Жунусовичтин, Кушбаев Каныбек Мамытбековичтин, Ражабова Жумагүл Акбаралиевнанын, Байсеркеев Нурбек Тентимишевичтин, Эшимов Джумагазынын арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 7-пунктуна, 22-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1-, 2-пункттарын, 10-бөлүктүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Ош аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Ормонова Авазкан Чынбердиевна чыгарылсын – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.

2.Жалал-Абад облусунун Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Калимбетов Женишбек Туратбекович чыгарылсын – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.

3.Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен төмөнкүлөр чыгарылсын: Нуркамилова Айгуль Апсаматовна – «Ата-Мекен» Социалисттик партиясы» саясий партиясынан; Сарымсаков Нурлан Торобекович, Акматов Мурзабек Жорошевич, Саиткулов Саидумар Сайдилажанович, Абдыкадыров Асылбек Ашимбекович, Мамазунуев Калил Абсаматович, Мамасадыков Тологон Жунусович, Кушбаев Каныбек Мамытбекович – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.

4.Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Мамбетов Толобек Айтбекович чыгарылсын – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.

5.Баткен облусунун Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Ражабова Жумагүл Акбаралиевна чыгарылсын – «Эл үчүн» саясий партиясынан.

6.Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Каюмов Эргешбай Шарабидинович чыгарылсын – «Ар-Намыс» саясий партиясынан.

7.Нарын облусунун Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Байсеркеев Нурбек Тентимишевич чыгарылсын – «Эл үчүн» саясий партиясынан.

8.Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Эшимова Джумагазы чыгарылсын – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.

9.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

10.Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 ТӨРАГА                                                           Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 5-сентябры

№ 141

Карап чыгуулар: (1233)