МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№143 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айыл өкмөтүнүн башчыcы Байтемиров Т.К. өзүнүн берген арызынын негизинде, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин 2013-жылдын 22-августундагы №69-тескемеси менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган.

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Камышановка айыл өкмөтүнүн башчыcы Кубатов М.С. өзүнүн берген арызынын негизинде, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин 2013-жылдын 26-августундагы №233-р тескемеси менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган.

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчыcы Соорбеков Таалай Нышановичке Боо-Терек айылдык кеңешинин 2013-жылдын 28-июнундагы 9-сессиясынын № 1-токтому менен айылдык кеңештин депутаттары тарабынан ишенбестик билдирилген. Анын негизинде Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин 2013-жылдын 13-августундагы №31/VI буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесиндеги 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын – төмөнкү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2013-жылдын 24-сентябрына дайындалсын:

- Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо;

- Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Камышановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;

- Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо.

2.Түп, Сокулук, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4.Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги М. Аргымбаевке жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2013-жылдын 5-сентябры

№143

 

 

Карап чыгуулар: (1545)