МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№146 Ош облусунун Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 19-беренесинин 2,4,16-бөлүктөрүнө, 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары-БШК) 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, К.С. Султанованын, О.А. Оомровдун, А.К. Сакееванын, М.О. Омуралиевдин, К.Д. Жээналиевдин, М.А. Тажибаевндин арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан “Улуу биримдик” Улуттук-демократиялык партиясы” саясий партиясынан – Султанова Канайым Сайдуллаевна; “Кыргызстан коммунисттер партиясы”  саясий  партиясынан – Оморов Омурбек Аманбаевич; “Эл үчүн” саясий партиясынан – Сакеева Айнагул Караевна; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Омуралиев Маматмуса Орозович  чыгарылсын;

- комиссиянын резервинен “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан – Жээналиев Калыбек Дуйшоевич; “Ата Мекен” саясий социалисттик партиясынан -  Тажибаев Маматжан Акматович чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан – Маметов Таалайбек Сулайманович; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан  - Мааткеримов Зайналабудун, Керимов Отабек Тохтасинович, Тохтахунова Алима Джумабаевна киргизилсин.

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана БШКнын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо БШКнын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ

 

                      Бишкек ш., 2012-жылдын 24-ноябры

                      № 146

Карап чыгуулар: (1656)