![]() №146 Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерге бош депутаттык мандатты ыйгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу |
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IV сессиясынын 2013-жылдын 6-августундагы токтому менен депутат Масиров Нурланбек Заирбековичтин депутаттык ыйгарым укуктары өзүнүн берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясы бош калган депутаттык мандатты “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынын катталган тизмесиндеги депутат болуп шайлангандардан кийинки катталган талапкер Абдуллаева Гульмира Капаровнага ыйгаруу чечимин кабыл алышкан. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 98-токтомунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаты Масиров Нурланбек Заирбекович боюнча шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколун бекитүүдөгү, аны шаардык кеңештин шайланган депутаты деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту деп эсептелсин. 2. Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын депутаттыкка талапкер Абдуллаева Гульмира Капаровнага ыйгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 9-августундагы чечими бекитилсин. 3. Абдуллаева Гульмира Капаровна Майлуу-Суу шаардык кеңешинин кийинки шайланган депутаты деп таанылсын. 4. Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясы депутат Абдуллаева Гульмира Капаровнаны каттасын жана ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини берсин. 5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жана Майлуу-Суу шаардык кеңешине жөнөтүлсүн. 7. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2013-жылдын 5-сентябры №146
|
Карап чыгуулар: (1322) |