МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 145 Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясынын, Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерине жана курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 19-беренесинин 2,4-бөлүктөрүнө, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары-БШК) 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, С.А. Турдукулованын, Т. Тавакиловдун, Г.Т. Адырбаеванын,
С. Садыгалиевдин арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан “Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы” саясий партиясынан - Турдукулова Санабар Абдуганиевна; “Акыйкат республикалык партиясы”  саясий  партиясынан - Тавакилов Турдумамат чыгарылсын;

- комиссиянын резервинен “Акшумкар” саясий партиясынан - Адырбаева Гульмира Токтогазиевна чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден “Ар Намыс” саясий партиясынан - Жороев Абдимуталиб; “Республика” саясий партиясынан - Раимбердиев Кенеш Абдибаитович киргизилсин.

2. Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан “Эл үчүн” саясий партиясынан - Садыгалиев Саматбек чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден “Республика” саясий партиясынан – Жукеш уулу Максатбек киргизилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана БШКнын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо БШКнын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ

 Бишкек ш., 2012-жылдын 22-ноябры

№ 145

Карап чыгуулар: (1880)