МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№148 Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таануу жөнүндө

2012-жылдын 25-октябрында “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” (КСДП) Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына каттоо үчүн Баткен облусунун Кадамжай айылдык кеңешинин депутаттыгына 167 талапкердин документин тапшырган.

Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 6-ноябрындагы №17 протоколу менен 13 айылдык кеңештин депутаттыгына Кадамжай районунун 58 көп мандаттуу шайлоо округдарынан 663 талапкер катталган, 83 талапкерди каттоодон баш тартылган: анын ичинде КСДП партиясынан көрсөтүлгөндөрдөн 17: Совет айылдык аймагынан 8 талапкер, Марказ айылдык аймагынан 2 талапкер, А. Масалиев атындагы айылдык аймагынан 2 талапкер, Үч-Коргон айылдык аймагынан 3 талапкер, Бирлик айылдык аймагынан 1 талапкер, Майдан айылдык аймагынан 1 талапкер.

2012-жылдын 16-ноябрында КСДПнын Баткен облустук аймактык бөлүмүнүн координатору М.Б. Мергенов Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын жогоруда көрсөтүлгөн протоколуна Кадамжай райондук сотуна даттануу менен кайрылган.

Кадамжай райондук сотунун 2012-жылдын 20-ноябрындагы чечими менен Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 6-ноябрындагы №17 протоколу мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылган.

Райондук соттун аталган чечими Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан райондук соттун чечиминин Совет айылдык аймагына тиешелүү бөлүгүнөн  башкасы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөлдөө тартибинде даттанылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 2012-жылдын 24-ноябрында Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын көзөмөлдөө даттануусун канагаттандырган.

Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 2012-жылдын 5-ноябрында Совет айылдык аймагына КСДПдан көрсөтүлгөн 8 талапкердин документтери жоготулгандыгын, Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шайлоо укуктарды бузгандыгын эске алуу менен, каттоонун шайлоо мөөнөттөрү аяктагандыгына, ошондой эле 2012-жылдын 24-ноябрына карата Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешине депутаттыкка катталган талапкерлердин жок болгондугуна байланыштуу “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1, 2-пункттарын, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 24- пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 1. Баткен облусунун Кадамжай  районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таанылсын.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                    Т. АБДРАИМОВ


         Бишкек ш, 2012-жылдын 24-ноябры

         № 148

Карап чыгуулар: (1914)