![]() №149 2013-жылдын 4-сентябрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
2013-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 20-августундагы № 137 токтому менен Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, Чуй облусунун Жайыл районуна караштуу Жайыл, Кемин районуна караштуу Ильич айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалып, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү. Кочкор, Жайыл, Кемин аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөт башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. 2013-жылдын 4-сентябрындагы Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын. 1.1 Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 1.2 Убалиев Садыбакас Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын. 2. 2013-жылдын 4-сентябрындагы Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 2.1 Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 2.2 Телекматов Максат Эркебекович Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын. 3. 2013-жылдын 4-сентябрындагы Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 3.1 Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 3.2 Абакеев Нурбек Адылбекович Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын. 4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин. 5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П. П. Баженовко жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ А. ШАЙЫМКУЛОВА Бишкек ш., 2013-жылдын 20-сентябры №149
|
Карап чыгуулар: (1230) |