№150 “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу |
Эркин шайлоону эл аралык шайлоо стандарттары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдоодо жана өткөрүүдө демократиялык башталыштарды бекемдөө, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын маалыматтарды алууга жана жайылтууга укуктарынын кепилдиктерин камсыздоо, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалары, шайлоо комиссиялары, жеке жана юридикалык жактары тарабынан шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо тартибин жана шарттарын регламенттештирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 1, 2, 2-1-пункттарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,21-пункттарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо жөнүндө” Жобо бекитилсин. 2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 14-июну № 150 |
Карап чыгуулар: (1308) |