№150 Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 7-пунктуна, 19-беренесиндеги 4, 6, 7, 8-бөлүктөргө, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесиндеги 1-бөлүктүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) 2013-жылдын 4-июнундагы кайрылуусунун негизинде, аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналыштарынын токтомдорунун, саясий партиялардын протоколдорунун негизинде, ошондой эле 2013-жылдын 17-июлундагы чүчүкулактын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин (резервдин курамдары тиркелет). 2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2013-жылдын 26-сентябры № 150
|
Карап чыгуулар: (2946) |