![]() №154 “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу |
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-28-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө” Жобо бекитилсин (тиркелет). 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 19-июлундагы “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” № 37 токтому күчүн жоготту деп табылсын. 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин сактоону контролдоо боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш. 2017жылдын 14-июну № 154 |
Карап чыгуулар: (943) |