![]() №154 Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы №204 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Нарын шаардык, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Нарын, Кочкор райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү. Шайлоолорду өткөрүү үчүн «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Нарын облусу боюнча 1 бирдиктүү жана 118 көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлгөн. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгынын 654 мандатына 3128 талапкер көрсөтүлүп, алардын ичинен 3063 талапкер катталган. Каттоодон өткөндөрдөн: 1779 талапкерди саясий партиялар, 114 талапкерди шайлоочулардын топтору көрсөткөн, 1325и өзүн өзү көрсөткөндөр. Добуш берүүгө 72 180 шайлоочу катышкан бул облус боюнча шайлоочулардын жалпы санынын 53,21% түзөт. Добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоочулар сыпатында саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана талапкерлердин ишенимдүү адамдарынын өкүлдөрү катышкан. Нарын облусу боюнча байкоочулардын жалпы саны 2 521 адамды түзөт. Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо процессинин катышуучуларынан шайлоо ченемдеринин бузулушу боюнча аймактык шайлоо комиссияларына болгону 18 кат жүзүндөгү кайрылуулар (арыздар, даттануулар) түшкөн; анын ичинде Нарын аймактык шайлоо комиссиясына 5 даттануу, Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына 5 даттануу, Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына 3 даттануу жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 5 даттануу. Түшкөн арыздардын жана даттануулардын бардыгы мыйзамда белгиленген тартипте каралган. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 28-ноябрдагы №28 чечимине ылайык Чеч-Дөбө, Ача-Кайыңды, Ак-Жар шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын кайрадан саноо жүргүзүлгөн. Нарын аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо мыйзамынын ченемдерин бузуу фактыларына жол берилген. С.Т. Чолуевди Казан-Куйган айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер сыпатында мыйзамсыз каттоо жана аны бюллетендин текстине мыйзамсыз киргизүү жөнүндө шайлоо мыйзамынын ченемдерин бузуу фактысы боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жогоруда аталган фактыларды текшерүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн жиберилген. Бюллетендин текстине Жан-Булак айылдык кеңешинин «Жан-Булак» шайлоо округу боюнча Кадыров Эмилбек Сейдилдаевичтин жана Чет-Нура айылдык кеңешинин «Орто-Саз-Ак-Кыя» шайлоо округу боюнча Мамыров Тазабек Зарлыковичтин киргизилишинин мыйзамдуулугу азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы тарабынан текшерилүүдө. Көпчүлүк кайрылуулар жана арыздар айрым шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын кайрадан саноо өтүнүчтөрү менен байланышкандыгын белгилей кетүү зарыл. Шайлоолордун натыйжалары, добуш берүүнүн жыйынтыктары жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралу протоколдордун жыйынтыгында Нарын облусу боюнча 632 талапкер шайланган (Нарын районунун Жан-Булак айылдык кеңешинин «Жан-Булак» шайлоо округунан, Чет-Нура айылдык кеңешинин «Орто-Саз-Ак-Кыя» шайлоо округдарынан тышкары). Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Нарын шаардык, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Нарын, Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 24-пункттарына, 24-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 56-1, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Ат-Башы, Нарын, Кочкор аймактык шайлоо комиссияларына түшкөн даттанууларды жана арыздарды кароо жөнүндө маалыматтар көңүлгө алынсын (1-тиркеме). 2. Нарын шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо өттү деп таанылсын. 3. Нарын шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол бекитилсин. 4. Ат-Башы районунун Ат-Башы, Ак-Жар, Кара-Суу, Кара-Коюн, Казыбек, Ак-Талаа, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Талды-Суу, Ак-Муз, Ак-Моюн айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын. 5. Ат-Башы районунун Ат-Башы, Ак-Жар, Кара-Суу, Кара-Коюн, Казыбек, Ак-Талаа, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Талды-Суу, Ак-Муз, Ак-Моюн айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протколдор бекитилсин. 6. Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө, Кара-Бүргөн, Ак-Чий, Үгүт, Ак-Тал, Көк-Жар, Жаңы-Талап, Тоголок Молдо, Кызыл-Белес айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын. 7. Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө, Кара-Бүргөн, Ак-Чий, Үгүт, Ак-Тал, Көк-Жар, Жаңы-Талап, Тоголок Молдо, Кызыл-Белес айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 8. Жумгал районунун Жумгал, Жаңы-Арык, Баш-Кууганды, Байзак, Көк-Ой, Кабак, Миң-Куш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын. 9. Жумгал районунун Жумгал, Жаңы-Арык, Баш-Кууганды, Байзак, Көк-Ой, Кабак, Миң-Куш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 10. Нарын районунун Орток, Дөбөлү, Эмгекчил, Он-Арча, Миң-Булак, Жерге-Тал, Эмгек-Талаа, Ак-Кудук, Учкун, Казан-Куйган, Кара-Кужур, Достук, Сары-Ой айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын. 11. Нарын районунун Орток, Дөбөлү, Эмгекчил, Он-Арча, Миң-Булак, Жерге-Тал, Эмгек-Талаа, Ак-Кудук, Учкун, Казан-Куйган, Кара-Кужур, Достук, Сары-Ой айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 12. Кочкор районунун Кош-Дөбө, Ак-Кыя, Кочкор, Семиз-Бел, Көк-Жар, Соң-Көл, Кум-Дөбө, Чолпон, Кара-Суу, Талаа-Булак, Сары-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын. 13. Кочкор районунун Кош-Дөбө, Ак-Кыя, Кочкор, Семиз-Бел, Көк-Жар, Соң-Көл, Кум-Дөбө, Чолпон, Кара-Суу, Талаа-Булак, Сары-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 14. Нарын районунун Жан-Булак айылдык кеңешинин «Жан-Булак» шайлоо округу жана Чет-Нура айылдык кеңешинин «Орто-Саз-Ак-Кыя» шайлоо округу боюнча маселе өзүнчө каралсын. 15. Шайлоо мыйзамынын ченемдерин бузууга жол бергендиги үчүн Нарын аймактык шайлоо комиссиясы таркатылсын. 16. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына төмөндөгү талапкерлер депутаттыкка шайланды деп эсептелсин (2-тиркеме). Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин. 17. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 18. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 15-декабры № 154 |
Карап чыгуулар: (1957) |