МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№155 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө шайлоочулардын арасында акысыз жайылтууга тыюу салынбаган үгүт материалдардын жана товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык,   “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Шайлоо алдындагы үгүт  жүргүзүүдө шайлоочулардын арасында акысыз жайылтууга тыюу салынбаган үгүт материалдардын жана товарлардын тизмеги бекитилсин.

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин сактоону контролдоо боюнча жумушчу топтун жетекчисине  жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш. 2017-жылдын 14-июну

№ 155

Карап чыгуулар: (964)