МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№156 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн Колдонмону бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн Колдонмо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн Колдонмого тиркелген документтердин формалары жана үлгүлөрү бекитилсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2005-жылдын 27-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн Эскертмени бекитүү жөнүндө” № 96 токтомун;

2) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2005-жылдын 29-июлундагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн Эскертмени бекитүү жөнүндө” № 69 токтомун;

3) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча  шайлоо документтердин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө” № 6 токтомун.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                      Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 14-июну

№ 156

Карап чыгуулар: (1022)