![]() №157 Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы №204 Жарлыгы менен Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Ысык-Ата райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өткөрүлгөн. Шайлоолорду өткөрүү үчүн “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Чүй облусу боюнча 5 бирдиктүү жана 286 көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлгөн. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгынын 1698 мандатына 5366 талапкерлер көрсөтүлгөн, алардан 5 137 талапкер катталган. Катталган талапкерлердин ичинен 2013 талапкерди саясий партиялар, 353 талапкерди шайлоочулардын топтору көрсөткөн, 2771 өзүн өзү көрсөткөндөр. Добуш берүүгө 197 875 шайлоочу катышкан, бул Чүй облусунун шайлоочуларынын жалпы санынын 47,5% түзөт. Шайлоолордун жыйынтыгы боюнча, аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдоруна ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына 1680 талапкер шайланган. Эки шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган: -Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын -Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 27-ноябрындагы №12 чечими менен Чүй районунун Чүй айылдык кеңешинен №7057 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары-Борбордук шайлоо комиссиясы) шайлоо процессинин катышуучуларынан шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөдөгү чечимдерине карата бардыгы 34 кат жүзүндөгү кайрылуулар (арыздар, даттануулар, актылар) түшкөн (маалымкат тиркелет). Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусунун аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн шайлоо документтерин, ошондой эле шайлоо процессинин субьектилеринин даттанууларын, актыларын карап чыгып, Чүй облусунун Москва районунун №№ 7273, 7280, Сокулук районунун №№ 7230, 7231, 7233, 7235, 7237, Жайыл районунун №7327, Аламүдүн районунун №№ 7188, 7194 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгына таасирин тактоого мүмкүндүк бербеген, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын эрк ниетине таасир берген бузууларды аныктаган. Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн протоколдордун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор боюнча даттанууларды жана арыздарды кароо жөнүндө маалымкат эске алынсын (1-тиркеме). 2. Аламүдүн району боюнча: 1) Аламүдүн районунун Нижняя Ала-Арча, Маевка, Пригородное, Ала-Арча, Октябрь, Васильевка, Гроздно, Ленин, Ак–Дөбө, Аламүдүн, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Таш–Дөбө, Байтик айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын; 2) шайлоо участкаларындагы добуш берүүлөр таанылсын: -№ 6 шайлоо округунун № 7188 шайлоо участкасында жараксыз деп табылсын жана № 6 шайлоо округу боюнча Лебединовка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таанылсын; -№ 2 шайлоо округунун № 7194 шайлоо участкасында жараксыз деп табылсын жана № 2 шайлоо округу боюнча Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таанылсын. 3) Аламүдүн районунун №№ 7188, 7194 участкалык шайлоо комиссиялары таркатылсын; 4) Аламүдүн районунун Нижняя Ала-Арча, Маевка, Пригородное, Ала-Арча, Октябрь, Васильевка, Гроздно, Ленин, Ак–Дөбө, Аламүдүн, Көк-Жар, Кара-Жыгач, 3. Жайыл району боюнча: 1). Кара–Балта шаардык кеңешинин, Жайыл районундагы Полтавка, 2) № 1 шайлоо округунун № 7327 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын жана № 1 шайлоо округу боюнча Красновосточный айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таанылсын; 3) Кара-Балта шаардык шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: -Кара-Балта шаардык кеңешине “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан” шайланган депутаттар Молдокулова Уулбү Анарбаевна, Ирсалиев Медер Эсенгулович чыгарылсын; -Кара-Балта шаардык кеңешине депутат болуп “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан” шайланды деп Алымкулова Роза Бекболотовна, Ниязова Анаркүл Кулназаровна таанылсын; 4) добуш берүүнүн жыйынтыктары жана Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол ушул токтомдун 3-пунктунун 3-пунктчасын эсепке алуу менен бекитилсин; 5) Жайыл районундагы Полтавка, Кызыл-Дыйкан, Ак-Башат, Сары-Коо, Кара-Суу, Степное, Жайыл, Сосновка, Сары-Булак, Талды-Булак, Суусамыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протколдор бекитилсин; 4. Кемин району боюнча: 1) Орловка шаардык кеңешинин, Кемин районундагы Ак-Түз, Алмалы, Боролдой, Дүйшеев, Жаңы–Алыш, Ильич, Кара–Булак, Көк–Ойрок, Кызыл–Октябрь, Чоң-Кемин, Чым–Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын. 2) Орловка шаардык кеңешинин, Кемин районундагы Ак-Түз, Алмалы, Боролдой, Дүйшеев, Жаңы–Алыш, Ильич, Кара–Булак, Көк–Ойрок, Кызыл–Октябрь, Чоң-Кемин, Чым–Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 5. Москва району боюнча 1) Москва районунун Сретенка, Беловодск, Чапаев, Төлөк, Целинное, Беш–Терек, Предтеченка, 1-май, Ак–Суу, Петровка айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын; 2) Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 3) Москва аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн добуш берүүнүн жыйыныктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорун ушул токтомго ылайык келтирсин; 4) добуш берүүнүн жыйынтыктары таанылган шайлоо участкалары: -№1 шайлоо округунун №7273 шайлоо участкасында жараксыз деп табылсын жана №1 шайлоо округу боюнча Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таанылсын; -№ 3 шайлоо округунун №7280 шайлоо участкасында жараксыз деп табылсын жана Садовая айылдык кеңешинин № 3 шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоо өткөн жок деп таанылсын; 5) Москва районунун Сретенка, Беловодск, Чапаев, Төлөк, Целинное, Беш–Терек, Предтеченка, 1-май, Ак–Суу, Петровка айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 6. Панфилов району боюнча: 1). Кайыңды шаардык кеңешинин, Панфилов районундагы Вознесеновка, Фрунзе, Күрпүлдөк, Орто, Курама, Чалдыбар айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын; 2) Кайыңды шаардык кеңешинин, Панфилов районундагы Вознесеновка, Фрунзе, Күрпүлдөк, Орто, Курама, Чалдыбар айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 7. Сокулук району боюнча: 1). Шопоков шаардык кеңешинин, Сокулук районундагы Сокулук, Крупская, Гавриловка, Военно–Антоновка, Күнтуу, Фрунзе, Биринчи Май, Кайназарова, 2) добуш берүүнүн жыйынтыктары таанылган шайлоо участкалары: -№№ 2, 3, 4 шайлоо округдарынын №№7230, 7231, 7233 шайлоо участкаларында жараксыз деп табылсын жана №№ 2, 3, 4 шайлоо округдары боюнча Новопавловка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таанылсын; -№№ 1, 3 шайлоо округдарынын №№ 7235, 7237 шайлоо участкаларында жараксыз деп табылсын жана №№ 1, 3 шайлоо округдары боюнча Орок айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таанылсын; 3) Сокулук районунун №№7230, 7231, 7233, 7235, 7237 участкалык шайлоо комиссиялары таркатылсын; 4) Шопоков шаардык кеңешинин, Сокулук районундагы Сокулук, Крупская, Гавриловка, Военно–Антоновка, Күнтуу, Фрунзе, Биринчи Май, Кайназарова, Кызыл–Туу, Асылбаш, Саз, Төш–Булак, Ат–Башы, Жаңы–Пахта, Нижнечуйск, Камышановка, Жаңы–Жер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 8. Чүй району боюнча: 1) Чүй районунун Сайлык, Искра, Кош–Коргон, Онбир–Жылга, Шамшы, Ибраимов, Кегети, Бурана, Ак–Бешим, Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын. 2) Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 3) Чүй аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө өз протоколдорун ушул токтомго ылайык келтирсин; 4) Чүй айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүдө протокол ушул токтомдун 8-пунктун 2-пунктчасын эсепке алуу менен бекитилсин; 5) Чүй районунун Сайлык, Искра, Кош–Коргон, Онбир–Жылга, Шамшы, Ибраимов, Кегети, Бурана, Ак–Бешим айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 9. Ысык-Ата району боюнча: 1) Ысык–Ата районунун Кант шаардык кеңешинин, Ак–Кудук, Бирдик, Жээк, Ивановка, Интернациональное, Кең–Булуң, Кочкорбаев, Красная Речка, Логвиненко, Люксембург, Ново-Покровка, Нурманбет, Сын–Таш, Туз, Узун–Кыр, Ысык–Ата, Юрьевка айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын. 2) Кант шаардык кеңешинин, Ысык–Ата районунун Ак–Кудук, Бирдик, Жээк, Ивановка, Интернациональное, Кең–Булуң, Кочкорбаев, Красная речка, Логвиненко, Люксембург, Ново-Покровка, Нурманбет, Сын–Таш, Туз, Узун–Кыр, Ысык–Ата, Юрьевка айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 10. Төмөндөгү жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер депутаттыкка шайланды деп эсептелсин (2-тиркеме). Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин. 11. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 12. Бул токтом Сокулук районунун №№7230, 7231, 7233, 7235, 7237, Аламүдүн районунун №№ 7188, 7194 шайлоо участкаларында добуш берүү жана шайлоочулардын добуштарын саноо учурунда укук бузууга жол берген адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн. 13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 15-декабры № 157 |
Карап чыгуулар: (5229) |