МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№161 Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону убактылуу токтотуу жөнүндө

2013-жылдын 13-сентябрында Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Чүй айылдык кеңешинин сессиясында Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы З.М. Баялиевди мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотууга макулдук берген токтом кабыл алынган. 2013-жылдын 20-сентябрында Чүй облусунун Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин № 184 - тк тескемеси менен жана аталган токтомдун негизинде З.М. Баялиев ээлеген кызматынан бошотулган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 16-октябрында № 155 токтому менен аталган айыл өкмөт башчысын шайлоо 2013-жылдын 30-октябрына дайындалган.

З.М. Баялиев Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин № 184 - тк тескемесин жокко чыгаруу жөнүндө доо арыз менен Чүй облусунун райондор аралык сотуна кайрылган.

Чүй облусунун райондор аралык соту 2013-жылдын 18-октябрында чыккан аныктамасынын негизинде сот ишин жүргүзүү 2013-жылдын 4-ноябрына дайындалган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2-пунктка, 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. 2013-жылдын 30-октябрына дайындалган Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо сот тартибинде биротоло каралып чыкканга чейин убактылуу токтотулсун.

2.  Бул токтомдун көчүрмөсү Чүй аймактык шайлоо комиссиясына жана Чүй айылдык кеңешине жөнөтүлсүн.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П. П. Баженовко жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                             Т. Д. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 22-октябры

№ 161

 

Карап чыгуулар: (1721)