МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№164 2013-жылдын 30-октябрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2013-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 16-октябрындагы № 155 токтому менен Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Первомайский, Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айыл өкмөтүнө дайындалган, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү.

Аталган аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун атк аруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөт башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  2013-жылдын 30-октябрындагы Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.1 Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2 Нусубалиева Нурбюбю Бектуровна Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.

2. 2013-жылдын 30-октябрындагы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

2.1 Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.2 Мамбеткеримов Акылбек Токтошович Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.

3. 2013-жылдын 30-октябрындагы Чүй облусунун Сокулук районунун Первомайский айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

3.1 Первомайский айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

3.2 Караталов Доктурбек Анарбекович Чүй облусунун Сокулук районунун Первомайский айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.

4. 2013-жылдын 30-октябрындагы Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

4.1 Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

4.2 Батырбеков Омурзак Джалилович Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү ырастама тапшырылсын.

6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П. П. Баженовко жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГАНЫН

ОРУН БАСАРЫ                                                        Г. ДЖУРАБАЕВА

                                                    

 Бишкек ш., 2013-жылдын 4-ноябры

 № 164

 

Карап чыгуулар: (1264)