![]() №168 Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын, Баткен облусунун Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
Козуев Бакыт Садыковичтин, Алатаева Гулмира Нурдиновнанын, Анарбаева Гулмира Кабыловнанын, Сайназарова Парида Сагынбаевнанын, Садиров Бактыбек Бостоновичтин арыздарынын, Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын Карашов Дыйканбай Жалиловичти комиссиянын курамынан, Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Карыев Санжар Досумбековичти, Маманова Назгуль Ырысбаевнаны, Шаршеналиева Эльмира Астаркуловнаны комиссиянын курамынан жана резервинен, Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Мураталиев Абдивали Жакыповичти комиссиянын резервинен, Түп аймактык шайлоо комиссиясынын Сарбаева Майрамгуль Джаналиевнанын каза болгондугуна байланыштуу комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө сунуштамаларынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 6-,7-пункттарына, 22-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, 10-бөлүктүн 1-,2-,6-,7-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» жана 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1.Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан чыгарылсын: Карашов Дыйканбай Жалилович - «Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы» саясий партиясынан, Козуев Бакыт Садыкович (комиссиянын төрагасы) - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан; - комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Тургунбаев Таалайбек Мадалович – «Республика» саясий партиясынан; Сайпидинов Манасбек Жоробаевич - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан; 2. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан чыгарылсын: Алатаева Гулмира Нурдиновна – «Либерал-Прогрессивдик партиясы» саясий партиясынан; Анарбаева Гулмира Кабыловна – «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» саясий партиясынан; Карыев Санжар Досумбекович – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан; - комиссиянын резервинен чыгарылсын: Сайназарова Парида Сагынбаевна – «Эл үчүн» саясий партиясынан; Маманова Назгуль Ырысбаевна - «Ак-Шам» Жаратман мекенчилер саясий партиясынан; Шаршеналиева Эльмира Астаркуловна - «Замандаш-Современник» саясий партиясынан; - резервден комиссиянын курамына киргизилсин: Чжен Эльвира Васильевна - «Акшумкар» саясий партиясынан; Абдиев Кучкарбай Шабданович - «Кыргызстандын-элдик демократиялык партиясы» саясий партиясынан; Камилов Алишер Василжанович – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан. 3. Баткен облусунун Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан чыгарылсын: Садиров Бактыбек Бостонович - «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынан; - комиссиянын резервинен чыгарылсын: Мураталиев Абдивали Жакыпович - «Кыргызстан үй куруучулардын партиясы» Республикалык коомдук-саясий партиясынан; - комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Ибраимов Атамали – «Замандаш-Современник» саясий партиясынан. 4. Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан чыгарылсын: Сарбаева Майрамгуль Джаналиевна - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан; - комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Джылкибаев Элдияр - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан. 5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 26-ноябры № 168 |
Карап чыгуулар: (1024) |