МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№170 Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Мошкова Нина Вадимовнанын, Темирканова Индира Темиркановнанын арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 6-,7-пункттарына, 22-беренесиндеги 10-бөлүктүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- комиссиянын курамынан чыгарылсын: Мошкова Нина Вадимовна - «Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы» саясий партиясынан; Темирканова Индира Темиркановна - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;

- комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Токтаналиева Бурулбюбю - «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынан, Кииров Искандер Абеевич - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ

 

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 29-ноябры

№ 170

Карап чыгуулар: (1517)