МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№171 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчыларын – Өзгөн шаарынын мэрин жана айрым айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчыларын – Өзгөн шаарынын мэрин жана айрым айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө” № 166 токтомунун 1-,2-,3-пункттарына, 2013-жылдын 26-ноябрындагы “Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар, Сузак районунун Сузак, Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут, Чүй облусунун Жайыл районунун Красный Восток, Кемин районунун  А.Дүйшеев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө” № 165 токтомуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесиндеги 1-,3-бөлүктөрүн, 49-беренесиндеги 1-,2-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги  1-бөлүктүн 2-,11-,12-пункттарын, 25-беренесиндеги  2-,3-,6-,7-бөлүкттөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчыларын – Өзгөн шаарынын мэрин жана айрым айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 

26-ноябрындагы №165 токтому менен бекитилген графикке жана №166 токтомуна ылайык, 708 000 (жети жүз сегиз миң)  сом суммасында бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы финансылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышына контролдоону өзүмө калтырам.

 

ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 29-ноябры,

№ 171

Карап чыгуулар: (1591)