МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№172 Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-ноябрындагы ПЖ №218 Жарлыгынын 2-, 3-пункттарына ылайык жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги  1-бөлүктүн 2,11,12-пункттарын, 25-беренесиндеги  2,3,6,7-бөлүкттөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 26-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы  394 500 (үч жүз токсон төрт миң беш жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы финансылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышына контролдоону өзүмө калтырам.

 

ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш, 2013-жылдын 29-ноябры,

№ 172

Карап чыгуулар: (1158)