![]() №173 Нарын облусунун Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын, Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
Калыйкулова Гульмира Борукчиевнанын, Усупбекова Светлана Ашымовнанын, Стрельникова Людмила Васильевнанын арыздарынын, Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын Михайловская Олеся Владимировнаны туруктуу жашоо үчүн республиканын чегинен сыртка чыгып кеткендигине байланыштуу комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө сунушунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 6,7-пункттарына, 22-беренесиндеги 10-бөлүктүн 1,2-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Нарын облусунун Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан чыгарылсын: Калыйкулова Гульмира Борукчиевна - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан; - комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Кадырова Айшакан - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан. 2. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан чыгарылсын: Усупбекова Светлана Ашымовна, Михайловская Олеся Владимировна – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан; - комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Абдыкеева Жылдыз Адисовна, Мусуралиева Нурзада Таалайбековна – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан. 3. Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан чыгарылсын: Стрельникова Людмила Васильевна - «Өнүгүү - Прогресс» саясий партиясынан; - комиссиянын курамына резервден киргизилсин: Орокеев Канатбек Танчубекович - «Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясынан. 4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 10-декабры № 173 |
Карап чыгуулар: (1099) |