№176 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А. Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө | |
“Акшумкар” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкер Т.А. Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 19-пунктун, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А. Сариевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Орозакунова Айжан Жумагуловна катталсын. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А. Сариевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Барыктабасова Гульбара Эраалиевна катталсын. 3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А. Сариевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Ниязбеков Кушубак Мамашович катталсын. 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А. Сариевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Джабиев Азиз Темирович катталсын. 5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А. Сариевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мусаев Болотбек катталсын. 6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А. Сариевдин катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү ырастамалар берилсин. 7. Бул токтом “ Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары А. Абдрахматова
| |
Карап чыгуулар: (1862) |