![]() №188 Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-июнундагы № 145 токтому менен 2017-жылдын 29-июнуна дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин депутаттарынын добуштарынын көпчүлүгү “бардык талапкерлерге каршы” позициясына берилгендигине байланыштуу, шайланган жок. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, 2017-жылдын 14-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн. 2. Кемин аймактык шайлоо комиссиясы кайра шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун. 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарына А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА Бишкек ш., 2017-жылдын 30-июну № 188 |
Карап чыгуулар: (1245) |