![]() №178 2014-жылдын 26-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Ысык-Көл районунун Кум-Бел, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө |
Кажы-Сай айылдык кеңешинин 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 10, Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 4, Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 5-декабрындагы №3, Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 4-декабрындагы №3 протоколдоруна, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,4,5-пункттарына, 20-беренесиндеги 1-бөлүктүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары төмөнкүдөй бекитилсин: № 3209 жана № 3207 шайлоо участкалары бириктирилип, № 3207 шайлоо участкасы деген аталыш берилсин: Борбору-Кажы-Сай айылы, Маданият үйүнүн имараты; Чек аралары: Стаханов көчөсүнүн башталышы жана Жунушов проспектисинин так сан тарабы. Токтогул көчөсүнүн түштүк жагы фермага чейин. Улан көчөсү тоого чейин. Айылдын түштүк тарабы Угольный көчөсүнө чейин, буга Улан, Жанболот, Манас, Баетов, Чапаев, Конурбаев, Ленин, Шахтер, Инженер, Стандартный, 1-Май көчөлөрү жана Өнөр жай аянтчасы, Завод көчөсү кирет.
№ 3210 жана № 3208 шайлоо участкалары бириктирилип, № 3208 шайлоо участкасы деген аталыш берилсин: Борбору: Кажы-Сай айылы. А.С.Пушкин атындагы орто мектебинин имараты. Чек аралары: Жунушов проспектисинин жуп сан тарабы, Токтогул көчөсү (түндүк тарабы) менен чочко фермага чейин, Курчатов көчөсү мектеп интернатына чейин. Пионер көчөсүнөн Восточный көчөсүнө чеийн ППЧны карай, буга Гагарин, Токтогул көчөлөрү жана Түштүк, Космонавт, Табиев, Мир чолок көчөлөрү, айылдын батыш тарабы ДЭУдан Восточный көчөсүнүн кесилишине чейин кирет. № 3211 Гараж шайлоо участкасы Борбору: Кажы-Сай айылы, Алтын-Жээк пансионатынын имараты; Чек аралары: Гараж участогу толугу менен.
2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкалардын схемалары жана чек аралары төмөнкүдөй бекитилсин: № 3033 шайлоо участкасы Борбору: Булан – Соготту а., Ч. Исабаев атындагы орто мектебинин имараты; Чек аралары: Булан – Соготту айылы. № 3034 шайлоо участкасы Борбору: Корумду а., айылдык клубдун имараты; Чек аралары: Корумду айылы. 3. Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкалардын схемалары жана чек аралары төмөнкүдөй бекитилсин: № 7004 шайлоо участкасы Борбору: Жаңы-Алыш а., Маданият үйүнүн имараты; Чек аралары: Жаңы-Алыш айылы. 4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 10-декабры №178 |
Карап чыгуулар: (1086) |