![]() №181 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.Р. Карасартованын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Р.Р. Карасартованын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.Р. Карасартованын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Карасартова Салтанат Рахмановна катталсын. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.Р. Карасартованын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жапарова Айперим Эркимбековна катталсын. 3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.Р. Карасартованын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү ырастамалар берилсин. 4. Бул токтом “ Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА Бишкек ш., 2017-жылдын 28-июну № 181 |
Карап чыгуулар: (1466) |