![]() №188 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ш. Султановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынын талапкерлердин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Султанов Акылбек Шакировичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун. 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Султанов Акылбек Шакировичтин № 037 депутаттык күбөлүгү 2015-жылдын 04-декабрынан тартып жараксыз деп эсептелинсин. 3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин. 4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ А.Т. ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2015-жылдын 04-декабры № 188 |
Карап чыгуулар: (1111) |